• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы 76 миң үй бүлөнүн 850сү үйүн камсыздандырган

Аймак 0

Ош, 3-август /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында 850 үй камсыздандырылган. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ошто 76 миң үй бүлө жашайт, алардын 850сү үйлөрүн камсыздандырган.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев вице-мэрге бул багытта ишти күчөтүү тапшырмасын берди. Биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин үйлөрүн, андан соң шаардагы ар бир үй-бүлөнү камсыздандыруу маселеси коюлду.

“Ошондой эле, Курманжан-Датка жана Ленин көчөлөрүндөгү авариялык абалдагы үйлөрдүн тургундарын өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында башка жакка көчүрүү чаралары көрүлүүдө”, -деп жазылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий