• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарындагы абалы начар Алиев көчөсү асфальтталып, тротуар курулат

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Алиев көчөсүнүн абалы менен таанышып, жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэр Алиев көчөсү жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальтталып, жаңы тротуар курулаарын билдирди.

“Ош шаарында негизги да, ички да жолдордун абалы начар. Жыл сайын каражатка жараша иштер аткарылып жатат. Алиев көчөсүнүн 1 чакырымдан ашуун жолду асфальттап, жолдун эки тарабына тротуар курабыз. Ирригациялык лотокторду да алмаштырып, түнкү жарыктандыруу системасын жакшыртабыз. Шаарда быйыл бир канча ички жолдорго жаңыдан асфальт төшөлөт. Бүгүндөн баштап шаардагы негизги жолдорду жамоо иштери да башталды”, - деди шаар башчысы.

Курулуш иштери майда башталып, күзгө чейин пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий