• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералар орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералар орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Р. Абдыкадыров көчөсүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана кеңейтүү курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Аталган көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен реконструкцияланууда. Жол четиндеги убактылуу пайдалануудагы жана мыйзамсыз курулуштар алынып салынган.

Шаар мэри курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

“Шаардын шаардай болгону жакшы. Шаарды бир четинен оңдоону максат кылганбыз. Быйыл Абдыкадыров көчөсүндө шарт түзүп, көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы абалын да жакшыртып, сырдайбыз. Өткөн жылы Т. Кулатов кичи районунда иштер жасалган. Ар бир кичи районго шарт түзүү аракетиндебиз. Кийинки жылы Манас-Ата кичи районунда жолдор оңдолуп, аллея курулат. Мэрия тарабынан жасалган иштердин баары шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында гана жасалууда. ”.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, жалпы узундугу 715 метр жол оңдолуп, 1 430 метр тротуар кеңейтилет. Түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылып, IP-камералар орнотулат. Ирригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн эки тарабына дарак, гүлдөр отургузулуп көрктөндүрүлөт.

Мындан тышкары, отургучтар, таштанды ташчоочу урналар орнотулуп, атайын автоунаа токтотуучу жайлар да каралган.

Пикир

Оставить комментарий