• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарындагы адамдын өлүмү. Шектүү катары 63 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-мартта Ош шаарынын 35 жаштагы Б.А. аттуу тургунун өлтүрүүгө шектелип Кара-Суу районунун 63 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

“Кармалган учурда ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Кылмыш жасаган соӊ эски тааныштарынын биринин үйүндө бекинип жаткан жеринен кармалды”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн берген көрсөтмөсүн текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун белгилери менен (“Пайда көрүү максатында киши өлтүрүү”) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери уланууда.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган жаӊы жагдайлар боюнча кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, 23-мартта эрте менен Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүнүн жол боюнан 30-35 жаштагы жарандын сөөгү табылгандыгы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий