• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарындагы «Аэропорт» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Ош шаарындагы «Аэропорт» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

«Мечиттин көркүн имараттын чоңдугу эмес, жамааттын ынтымагы көргөзөт. Бул мечиттин жамааты ар дайым бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ар бир ишти кеңешип аткарып келүүдөсүздөр. Мечит кызматкерлеине жана жамаатка Аллах жолунда жасап жаткан кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз»,- деди баш имам хатиб Абдулазиз ажы Абдурахманов.

Айта кетсек, мечиттин имамы Бактияр ажы Давлатовдун демилгеси менен 20 миң сомдук оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ошону менен бирге мечитке 60 миң сомдук килем алынган. Учурда мечитке келген жамаат үчүн бардык шарттарды түзүү үчүн толук жылуулук менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий