• 84.8
  • 96.11
  • 1.1

Ош шаарындагы Алиев көчөсү пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Ош шаарындагы Эргеш Алиев көчөсүн асфальттоо иштери аягына чыгып, бүгүнтөн тарта унаа каттамына уруксат берилди.

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, калаа башчысы Алмаз Мамбетов тийиштүү тармактын жетекчилери менен бирге курулуштун жыйынтыгын көрүп чыкты.

Узундугу бир чакырымды түзгөн жолго эки катмар асфальт төшөлүп, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар курулду.

Көчөнүн эки тарабын жашылдандыруу үчүн бак-дарактар отургузулуп, ирригациялык лотоктор орнотулду. Буга чейин Алиев көчөсүндө унаалар бир багыттуу гана жүрүп келсе, эми эки тараптуу каттай алышат.

Пикир

Оставить комментарий