• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн иштөө убактысы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Ош шаарындагы соода түйүндөрүнүн иштөө убактысы белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, Ош шаарындагы соода түйүндөрү: гипермаркет, супермаркет, азык-түлүк дүкөндөрү саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштей турган болду.

Мэриядан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын Жарандык коргонуунун башчысы-мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий