• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарындагы баардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” кагылды

Аймак 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Ош шаарынын баардык мектептердинде акыркы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөрдү узатуу кечеси өттү. Ош шаарынын вице-мэрлери Асылбек Топчубаев жана Нурбек Кадыров №34 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектебине жана “Олимп” мектеп-гимназиясына барып бүтүрүүчүлөрдү жана окуучуларды куттуктап келишти.

Өз сөздөрүндө бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалашып, алган билими алардын келечегинин жана ийгиликтеринин фундаменти болсун деген тилектерин айтышты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө коомдо өз активдүүлүгүн көрсөткөн алдынкы окуучуларга Ош шаарынын мэриясы тарабынан белектер жана Ардак грамоталар тапшырылды

Ошондой эле, окуучуларды акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктап шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын бөлүм башчылары, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жаштар комитети шаарда жайгашкан мектептерге барышты.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпысынан мамлекеттик жана жеке менчик 77 мектеп жайгашкан. Быйыл Ош шаары боюнча жалпысынан 2550 окуучу 11-классты, 4500 окуучу 9-классты аяктоодо.

Пикир

Оставить комментарий