• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарындагы "Бакыт үйүн" оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Ош шаарындагы "Бакыт үйүнүн" имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде вице-мэр Жасур Азимов жетектеген жумушчу комиссия иштин жүрүшү менен таанышты.

План боюнча, капиталдык ремонт быйыл аяктайт. Ага шаар казынасынан акча бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий