• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы балдар лагерлери Билим берүү министрлигинин уруксаты менен ишке кирет - Сарыбашов

Аймак 0

Бишкек, 06.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарындагы балдар лагерлери Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен гана ишке кирет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штабдын макулдугу менен шаардык мэрия санитардык талаптарды аткарган мекеме-ишканалардын иштөөсүнө уруксат берүүдө.

"Жайкы балдар лагерлери болсо Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен гана иштейт. Эгер Билим берүү министрлиги уруксат бере турган болсо шаардык мэрия жылдагыдай жайкы лагерди уюштурууга даяр. Бирок балдарыбыздын коопсуздугу үчүн токтотуп турсак жакшы болмок. Эгер министрлик талап коё турган болсо, анда лагерди ачабыз", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий