• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарындагы бардык бак-дарактарды инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде, Ош шаарынын мэриясында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жетектеген штабдын жыйынына тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, жогорку окуу жайлардын жана колледждердин өкүлдөрү катышты.

Жыйында эртең, 9-апрелде, Ош шаарында массалык ишембилик өткөрүлөрү айтылып, ага жалпы шаардыктар активдүү катышуусу керектиги белгиленди.

Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 5-апрелиндеги №169-б буйругуна ылайык, бардык турак жайлардын, мамлекеттик жана жеке менчик объектилердин короосундагы бак-дарактардын эсебин жүргүзүү жана инвентаризациялоо керектиги айтылды.

Ага улай ар бир МАБтарда иш кагаздарына байланыштуу санариптик иштерди жүргүзүүнү тездетүү, тиешелүү документтерди электрондук форматта чыгаруу маселеси да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий