• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарындагы базарлар залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Ош шаарынын аймагында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-июль күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардын аймагында ири делген борбордук базары, Келечек, Бостон базарлары, авто тетиктер базары жана соодо түйүндөрү, көп кабаттуу турак жайлардын подъезддери, балдар аянтчалары, дарыканалар, тротуарлар жана эл көп чогулган жайлар залалсыздандырылды. Ага улай, жергиликтүү жарандарга илдеттен коргонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий