• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарындагы базарларда дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнь күнү Ош шаарынын борбордук базарында жайгашкан кичи базарлар, "Тешик-Таш" мөмө-жемиш базары, “Келечек” базары бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, кичи райондогу базарлар да бир күндүк дезинфекциялоо иштеринен өтөт. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасынын негизинде жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле шаардагы базарларда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейддер өтүүдө.

Белгилей кетсек, жуманын ар дүйшөмбү күнү Ош шаарындагы базарлар бир күнгө жабылып залалсыздандырылат.

Залалсыздандыруу иштерин ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы жана ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий