• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарындагы базарларда пиротехниканы колдонуудагы коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Ош шаарындагы базарларда жарылуучу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери Экотехинспекциянын өкүлү менен биргеликте шаардагы “Бостон” жана “Турсунап” базарларындагы сатуучулар арасында пиротехникалык заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин сактоо, өрт кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле “Бостон” жана “Турсунап” базарларындагы өрт өчүрүүчү унаа кирүүчү жолдордун абалы текшерилген.

Базардын ичине кирүүчү кээ бир жолдор ачык болгону менен, көпчүлүк контейнерлер баш аламан жана тыгыз жайгашкандыктан автоунаа өтө албайт экен. Бул тууралуу базардын ээлерине маалымдалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 31-декабрынан 2018-жылдын 1-январына караган күнү 20 өрт кырсыгы катталган. Алардын ичинен 5 өрт кырсыгы пиротехникалык заттарды колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий