• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарындагы элдик штаб Баткенге күн сайын гуманитардык жардам жөнөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Ош шаарындагы элдик штаб Баткенге күн сайын гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Бул тууралуу аталган штабдан билдиришти.

Күн сайын тамак-аш, жылуу жууркандар жана гигиена каражаттарды жүк ташуучу унаалар жеткирилип жатат. Штаб С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жанындагы жерде 29-апрелден баштап күнү-түнү иштей баштаган.

“Штабдын мүчөлөрү кезектешип нөөмөттө турушат, алар жардамдын кайсы түрү болсо да кабыл алышат. Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 1 миллион 287 миң сомдон ашык гуманитардык жардам жүктөлгөн 10 жүк ташуучу унаа жөнөтүлдү”, - деп билдиришти штабдан.

Пикир

Оставить комментарий