• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарындагы үйдүн жер төлөөсүндө түтүк жарылып, суу каптаган

Аймак 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Ош шаарындагы Исанов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жер төлөөсүндө суу түтүгү жарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 3-февралда болжол менен саат 20:04тө үйдүн жер төлөөсүндөгү түтүк жарылып, суу каптаган.

Жерине министрликтен Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, мотопомпанын жардамында сууну сордуруп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий