• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарындагы инфекциялык оорукананын курулушу аяктоо алдында турат

Аймак 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаар башчысы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери тынымсыз жүрүп жаткандыгын белгилеп, аз өлчөмдө республикалык бюджеттен бөлүнө турган акча каражатын ыкчам чечүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

“Ооруканалардын негизги бөлүмдөрү капиталдык ремонттон өтүп, кошумча 100 орундуу тез курулчу конструкциялардан куралган имараттын курулушу кызуу жүрүүдө. Тынымсыз көзөмөл жүрүп, сапаттуу материалдар менен курулуп жатат. Куруучулар ноябрь айынын башына бүтүп, тапшырабыз деп жатышат. Ооругандар аз болсун, бирок биз кандай гана кырдаал болбосун даяр турушубуз керек”, - деди Сарыбашов.

Мэриянын маалыматына таянсак, оорукана 3 бөлүмдөн турат. Жалпы 100 орундуу. Ал эми Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын эски имараты толук оңдо-түзөөдөн өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий