• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарындагы күйүүчү май сактоочу бекетте өрттүк-тактикалык машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ош шаарынын авия шаарчасынын аймагында жайгашкан "Интек" ЖЧКнун күйүүчү май сактоочу бекетиде өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Машыгуунун максаты өздүк курамды практикалык билим деңгээлин жогорулатуу жана ар кандай мүнөздөгү өрт кырсыктарын өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү менен май куюучу бекетин кызматкерлерине алгачкы өрт өчүрүү ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.

Өрттүк-тактикалык машыгууга ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын №12, №13 өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 5 өрттүк автоунаа жана ӨКМнин Ош шаары боюнча Куткаруу кызматынын куткаруучу автоунаасы өздүк курамы менен, Ош ШИИБ башкармалыгынын кызматкерлери, тез жардам кызматы жана “Манас” эл аралык аэропортунун авариялык куткаруу кызматынын өрт өчүрүү бөлүкчөсү катышты.

Машыгуунун жүрүшүндө "Интек" ЖЧКнун май куюучу бекетинде жайгашкан 1000 тонналык май куючу цистернада өрт чыккан учурда кызматташуу мерчемдердин негизинде өрт өчүрүү жана кызматчыларды коопсуз жайга көчүрүү процесси практика жүзүндө көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий