• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы каналдан бир адамдын жансыз денеси табылды – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Ош шаарындагы каналдан бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июлда Ош шаарынын Туран кичи районундагы "Южный" каналында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгын тууралуу ӨКМге билдирүү түшкөн.

Жерине саат 14:15те КР ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, саат 15:40та маркумдун жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий