• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы коомдук унаалардын иши тыкыр көзөмөлгө алынат

Аймак 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Ош шаарындагы коомдук унаалардын иши тыкыр көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлайт.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун ушул жылдын 24-февралында чыккан протоколдук тапшырмасынын негизинде жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук унаалардын тазалыгы, айдоочулардын бирдиктүү формалары, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежери боюнча каттуу көзөмөл жүргүзүлөт.

Мындай иш-аракеттерди жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин адистери жана ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн атайын комиссиялык топ иш алып барат.

Акыркы эки күн аралыгында 15 каттамдын маршруткалары текшерилди. Талаптарды толук кандуу аткарбаган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен катар атайын акт түзүлүп, эскертүүлөр берилет.

Белгилей кетсек, коомдук унааларга көзөмөл жүргүзүү иш аракеттери бир ай бою тынымсыз жүрүп турат.

Пикир

Оставить комментарий