• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарындагы “кошумча каржылоо” долбоорунун каражатын көбөйтүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Ош шаарындагы “кошумча каржылоо” долбоорунун каражатын көбөйтүү пландалууда. Бул туурасында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов коллегиялык жыйында белгилеп өттү.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 30-сентябрда өткөн мэриянын коллегиялык жыйынында муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгү жана муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө кеп болду.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов көп кабаттуу үйлөрдөгү эскилиги жеткен суу түтүктөрүн, жылуулук системаларын, чатырларын, сырткы колористикасын өзгөртүүдө мэриянын 50%, 30% кошумча каржылоо долбоору уникалдуу иш аракет деп белгиледи.

“Мындай иштер Кыргызстандын башка аймактарында жок. Шаар тургундарынын маселелерин биргеликте чечүүгө багытталган бул долбоорду токтотпостон, кошумча каржы берип пайыздык көрсөткүчтөрүн көбөйтүш керек. Кийинки жылдын бюджетин карап, турак-жай коммуналдык башкармалыгынын бюджетин дагы да көбөйтөлү”, - деди мэр.

Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 20-ноябрындагы № 907 буйругунун негизинде жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоонун эсебинен көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөлөрүндө капиталдык оңдоо иштерин аткарууда төмөдөгүдөй финансылык катнашта (тургундардын салымы/жергиликтүү бюджет) жумуш жүргүзөт:

- Жылуулук системасын капиталдык оңдоо - 50/50%

- Сырткы келбетин (фасад) актап сырдоо - 50/50%

- Электрдик камсыздоону капиталдык оңдоо - 50/50%

- Канализация системасын капиталдык оңдоо - 70/30%

- Суу түтктөрүн капиталдык оңдоо - 70/30%

- Подъезди капиталдык оңдоо - 70/30%

- Чатырды капиталдык оңдоо - 70/30%

Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы шаар боюнча 640 көп кабаттуу үйлөрдүн инженердик коммуникациялык абалын көзөмөлдөйт. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдөгү пайда болгон көйгөйлөрдү тез арада жоюу максатында “Авариялык кызмат” бөлүмүнүн күнү-түнү нөөмөттүк бригадасынын диспетчерлери 5-66-24 телефон аркылуу кызмат көрсөтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий