• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы "Кремль" кафесинде өрт чыкты

Аймак 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Кремль" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн 2-февралда болжол менен саат 13:33тө жалпысынан ӨКМдин 4 өтрт өчүрүү бөлүмү кырсык болгон жерге барган.

Өрт саат 14:30да чектөөгө алынып, 14:53 чамасында толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 200 чарчы метр аянт күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий