• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарындагы кытай заводу тиричилик техникаларын толугу менен өндүрүп чыгарууну пландоодо

Аймак 0

Ош, 21-февраль /Кабар/. Телевизор, кир жуугуч машина жана кондиционерлерди жыйнаган кытай заводу эми 2017-жылы тиричилик техникаларын толугу менен өндүрүп чыгарууну пландоодо деп билдирди Ош шаарынын мэриясына караштуу Тышкы байланышты жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү агенттигинен.

Ведомстводон маалымдагандай, мурда аталган завод тиричилик техникаларын жыйноо менен гана алектенсе, быйыл толугу менен өндүрүп чыгарууга киришүүнү жана иш көлөмүн көбөйтүүнү пландоодо.

Тышкы байланышты жана бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү агенттиги жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташтыгын бекемдеп, аймактар аралык жана эл аралык мамилелерин кеңейтүүдө. Агенттик биринчи кезекте Ош шаарынын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу шарттарын жөнөкөйлөштүрүүнү жана шаардын инвестициялык жагымдуулугун арттырууну көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий