• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаарындагы мектепке президенттин милдетин аткаруучудан компьютерлер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрда Ош шаарындагы №7 мектеп-гимназиясына Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдон 10 компьютер, 2 принтер жана интерактивдүү доска берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабдууларды тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов катышып, убадаланган техникаларды тапшырды.

Аталган техника декабрь айынын башында Талант Мамытовдун катышуусунда ачылган мектептин жаңы имаратында окуучуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында айтылган эле.

Мектептин директору ыраазычылыгын билдирип, мектептин окуучуларынын билим сапаты байкалаарлык жогорулай тургандыгына ишендирип өттү.

Пикир

Оставить комментарий