• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош шаарындагы муктаж үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө азык-түлүк жеткирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Ош шаарындагы муктаж үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө азык-түлүк жеткирилүүдө, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен вагондо күн кечирип жаткан эне-балага ун, азык-түлүктөр жеткирилди.

"Мэр вагондо жашап жаткандарга азык-түлүк, кийим-кечеден такай жардам көрсөтүлүүсүн өз көзөмөлүнө алды. Аларга кайрымдуу жарандар да азык-түлүктөн жардам көрсөтүп турушат. Шаар мэри азыркы абалда шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга, кароосуз калган жарандарга азык-түлүктөн жардам көрсөтүү тапшырмасын берген", - деп билдиришти мэриядан.

Бүгүн, 2-апрелде вице-мэр Жасур Азимов демөөрчүлөр менен бирге ондон ашуун муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирген Ал эми Южный кичи районундагы муктаж үй-бүлөлөргө 84 кап ун таратылды.

Мындан тышкары, жеке ишкерлер шаардагы муниципалык аймактык башкармалыктар менен биргеликте азык-түлүктөн көмөк көрсөтүү иштерин улантышууда.

Пикир

Оставить комментарий