• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарындагы муниципалдык бош орундарга талапкерлер аңгемелешүүдөн өтүшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-октябрда Ош шаарынын мэриясына караштуу кызматтык бош орундарга жарыяланган ачык коркурстук тандап алуунун аңгемелешүү этабы өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынактык тандап алуу комиссиясынын төрагасы - Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов.

"Кадрдык тандап алуулар ачык, калыс жүргүзүлөт. Биринчи кезекте талапкерлердин иш билгилигине, билимине, тажрыйбасына карайбыз. Мыкты, таза кадрлар гана ишти алга жылдырууга өбөлгө боло алат", -деди ал.

Жалпысынан муниципалдык бош кызматтарга 108 адам документтерин тапшырып, бардык талаптарга жооп берген 94тү тандалып алынган.

Биринчи жана экинчи этаптардан 30 адам өткөн, алар 14 бош кызматтык орунга тандалып алынат. Каалоочулардын көпчүлүгүнүн жаш курагы 23төн 29 жашка чейин.

Бекитилген кызматкерлер боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий