• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарындагы Навои паркында каруселдердин бири кулап түшкөн

Аймак 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. 14-май күнү саат 17:30 чамасында Ош шаарынын Навои атындагы эс алуу багында жайгашкан каруселдердин бири кулап түшкөн. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар билдиргендей, тез жардам кызматынын маалыматына караганда окуядан кийин 7 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үч адам ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 1980-жылы төрөлгөн аял Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, ага "жабык баш сөөк-мээ жаракаты" диагнозу коюлду. Анын абалы туруктуу.

Навои атындагы парк 2016-жылдан бери "Балдар келечеги" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берилген. Түзүлгөн келишимдин негизинде , архитектуралык курулуш, экология, санитардык эреже, өрткө каршы күрөшүү, аттракциондордун абалын көзөмөлдөө жоопкерчилиги чектелген коомго милдеттендирилген.

Кырсыктын себептерин текшерүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын комиссия түзүлдү.Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен шаардагы бардык парктардын аттракциондорунун техникалык абалы, коопсуздугу атайын текшерүүдөн өтөт. Бул окуя шаар мэринин жеке көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий