• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош шаарындагы санитардык посттор алынды

Аймак 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. 8-августтан тарта Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор ишмердүүлүгүн токтотту.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабынын жыйынында кабыл алынган.

Айта кетсек, Ош шаарына кирүүчү жолдорго жалпы 7 санитардык-карантиндик посттор орнотулган болчу (“Жапалак ДЭУ”, “Тээке-аскер полигону”, “8-март”, “ТЭЦ”, “Беш-Көпүрө”, “Кырарык-Арка”, “Амир-Темур”).

"Бирок ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Ооруга чалдыгуу бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо зарылдыгын эсиңиздерге салабыз", - деп баса белгилешти мэриянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий