• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарындагы таштанды таштоочу контейнерлер жаңыланууда

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Ош шаарындагы таштанды таштоочу контейнерлер жаңыланууда, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жаңылоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүү банкы Европа Биримдиги менен биргеликте “Ош шаарындагы таштандылар менен иштөө системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Долбоордо 1 136 даана жаңы заманбап контейнерлерди сатып алуу каралган. Биринчи бөлүгүндө 360 даана 1,1 м3 сыйымдуулуктагы жаңы контейнерлер калаага орнотула баштады. Жыл аягына чейин шаардагы бардык таштанды таштоочу эски контейнерлер заманбаптарына алмашылат.

"Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасынын негизинде "Ош-Тазалык" ишканасынын техникаларын жаңылоо колго алынган. Бул багытта аталган ишкананын башчысы Нурбек Исмаилов иш алып барууда", - деп кабарлашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий