• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы Тээке айылынын окуучулары жаңы мектептүү болушту

Аймак 0

Бишкек, 12.12.17. /Кабар/. Кечээ, 11-декабрда Ош шаарынын “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында заманбап, эки кабаттуу, 275 орундуу мектеп ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев,шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары катышты.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Ош шаарында акчаны үнөмдүү пайдалануу менен, заманбап мектептин курулуп жаткандыгы Кыргызстандагы баардык региондорго үлгү экендигин белгиледи.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардыктарды дагы бир жаңы мектептүү болушу менен куттуктап, эски мектептин ордуна бала бакча куруу пландаштырылып жаткандыгын билдирип, элди кубандырды.

“Өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшү үчүн келечек муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүдө аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү биздин негизги милдеттерибиздин бири болуп саналат. Ош шаарында калктын санынын өсүүсү менен балдарга мектептердин жетишсиздиги учурда байкалууда. Ага карабастан мына бүгүн биз Сиздер менен жергиликтүү элдин кезектеги көйгөйү чечилип, келечек муундарыбыз болгон ушул айылдын кичинекей тургундары үчүн мына мындай татынакай мектепти пайдаланууга берип жатабыз. Бүгүн эмгегибиздин акыбети кайтып, 2016-жылы курулушу башталган жаңы мектептин курулушу бүттү. Бул курулуштар өлкөбүздө болуп жаткан өнүгүү жана стабилдүүлүктүн аркасында болуп жаткандыгын баса белгилеп кетким келет”,- деди А.Кадырбаев.

Айта кетсек, Мырзаев атындагы мектеп 275 орунга ылайыкташтырылган, 2016-жылдын май айында курулуш иштери башталган. Курулуштун сметалык баасы 45,0 млн. сом, ал эми тендердик баасы 29,5 млн. сомду түзөт. Мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери ЖЧК “Унисервис АСТ” ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий