• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарындагы Улам каналынын боюнда мыйзамсыз салынып жаткан курулуш токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 28.04.18 /Кабар/. Ош шаарындагы Улам каналынын боюнда мыйзамсыз салынып жаткан курулуш Мамэкотехинспекция тарабынан токтотулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраак айтканда, Ош шаарынын Конурбаева Камила аттуу тургуну өз билемдик менен курулуш баштап алган. Аталган каналдын боюна курулуш жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт. Бирок айрым тургундар мындай талаптарды аткарбай убаракерчиликке кептелет. Себеби, курулуш жүргүзүүгө уруксаат берилбеген аймактарда канчалык курулуш жүргүзүлбөсүн, барыбир мамлекеттик органдар тарабына укуксаат берилбейт. Бир нече ирээт инспекторлор барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө макул болбогон жарандын курулушу бүгүнкү күндө токтотулду. Мыйзам боюнча аталган курулуш буздурулуп, жерди баштапкы калыбына келтирүүсү керек. Инспекторлордун берген көрсөтмөлөрүнө баш ийбеген жарандын иши бүгүнкү күндо сотко өткөрүлдү.

"Эске сала кетсек, мыйзам боюнча дарыялардын, каналдардын бойлоруна курулуш жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт. Себеби, суу өтүүчү арык, каналдар, дарыялар мамлекеттин коргоосуна алынган. Суу өтүүчү аймактарда суулар көтөрүлүп, түшүп турат. Буга байланыштуу жарандар мыйзам көрсөткөндөй суу каналдарынын жээгинен 30-50мерт алыстыкта жайгашуусу керек. Учурда бир гана бул жаран эмес, Ош шаарында инспекторлор дарыя жээктеринде жашаган тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андыктан адистердин талаптары так аткаруу керектигин Мамэкотехинпекция эскертет!", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий