• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы өзбек диаспорасы ооруканага тез жардам унаасын тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Ош шаарындагы өзбек диаспорасы ооруканага тез жардам унаасын тапшырды, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-августта Ош шаарындагы өзбек диаспорасынын алдында түзүлгөн “Жаңы муун” фонду шаардын медициналык мекемелерине кардиологиялык, реанимациялык аппараттары бар 1 тез жардам унаасын, 1 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, төшөк-жууркандары менен 80 даана медицианалык керебет, 7 миң респиратор жана 200 даана медициналык коргоочу кийимдерди тапшырышты.

Диаспоранын өкүлдөрү менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жолугуп, ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий