• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоо алдында турат

Президент 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Ош шаарындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров жаңы оорукана 100 койко-орундукка ылайыкташканын маалымдады.

Долбоорго ылайык, оорукана 3 бөлүмдөн турат: 28 керебеттүү жандандыруу бөлүмү жана жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча эки бөлүм.

Бүгүнкү күндө оорукананын эски имараты толугу менен бузулуп, бир катар иштер бүткөрүлгөн. Тез курулчу конструкциялардан куралган объектти ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берүү пландалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жумуштарды суук түшкөнгө чейин эртерээк бүтүрүү керектигин белгилеп, ошол эле учурда анын сапатын көзөмөлгө алууга көңүл бурду.

Мамлекет башчысы аталган оорукана коронавирус инфекциясынын мүмкүн болчу экинчи толкунуна каршы, ошондой эле күз-кыш мезгилинде күтүлүп жаткан башка жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө чоң көмөк көрсөтөрүн баса белгиледи.

Ал оорукананын аймагын карап чыгып, медицина кызматкерлери менен баарлашты. Алардын өлкө калкынын ден-соолугун сактоого кошкон баа жеткис салымын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү коомдун бардык тармактарына, анын ичинде саламаттыкты сактоо системасына жайылтуунун маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы белгилегендей, «Электрондук саламаттыкты сактоо» тутуму көптөгөн көйгөйлөрдү түп-тамырынан бери чечип, коррупцияны азайтат, бейтаптарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатат, бюрократияны төмөндөтөт.

Белгилүү болгондой, Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда бирден жаңы жугуштуу оорулар ооруканаларынын курулушу жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында башталган.

Пикир

Оставить комментарий