• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын 2019-жылга карата бюджети бекитилди

Аймак 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги 19-сессиясы болуп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Сессиянын күн тартибине 8 маселе коюлуп, кеңири талкууланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Алгач Ош шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга божомолун, 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө маселе каралды. Аталган маселе боюнча биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев маалымат берди.

-“2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 19,9 % га өсүп, же болбосо 187 448,0 көбөйүп, 1 127 634, 0 миң сомго аныкталды. анын ичинен:

- салык кирешелери 982 091,0 миң сомду (87,1% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;

- салык эмес кирешелери 65 300,0 миң сом (5,8% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү; - бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 243,0 миң сом (7,1% жалпы бюджеттен) түздү.

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2019-жылга атайын каражаттарды кошкондо 1 127 634,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2018-жылга салыштырмалуу 187 448,0 миң сомго көп каралууда. 2019-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн - 41,6% социалдык тармак, - 32,8% турак жай жана коммуналдык чарба, - 9,3% экономикалык маселелер, - 15,6% жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар, - 0,7% коргонуу тармагы түзүүдө”,-деди С.Турдуев. Бул маселе шаардык кеңештин депутаттары тарабынан талкууланып, колдоого алынды.

Тактап айтканда, Ош шаарынын быйылкы бюджети 1 127 634, 0 миң сом болуп бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий