• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети бекитилди

Аймак 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Сессиянын күн тартибинде Ош шаарынын 2021-жылга бюджетинин жана 2022-2023- жылдарга божомолун, 2021-2023-жылдарга Ош шаарынын социалдык -экономикалык көрсөткүчтөрүнүн божомолун бекитүү жөнүндө маселе каралып, 2021-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 1 млрд 357 млн 700 миң сом болуп бекитилди

Мындан сырткары, дагы 9 маселе каралды:

- Ош шаарынын 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү ;

- Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын типтүү жобосун жана Ош шаарларындагы кварталдык жана үй комитеттеринин жоболорун бекитүү;

- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планынын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү;

- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы №4 токтому менен бекитилген Ош шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

- К.Исаковдун ысымын Ош Мамлекеттик университетине ыйгарууну сунуштоо;

- Ош шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү;

- Ош шаарынын кээ бир аймактарынын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүүгө макулдук берүү;

- "Ош шаарынын Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу;

- Ош шаардык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы №258 токтому менен Ош шаарында муниципалдык ипотекалык шартта берилген турак-жайлардын жашоочуларынын кайрылуусу боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын маалыматы жөнүндө маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынууда.

2021-2023-жылдарда Ош шаарынын мэриясынын чыгаша саясатынын максаты чыгашалардын социалдык багыттуулугун сактоо, аны менен бир катар натыйжасыз жана артыкчылыксыз чыгашаларды кыскартуу болуп саналат.

Ошону менен бирге бюджеттик тартипти бекемдөө, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана ачык башкарууну камсыз кылуу, чыгашалардын натыйжалуулугун күчөтүү, чыгашаларды кыскартуу жана даректүүлүктү күчөтүү жолу менен бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу болот.

2021-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгүчө:

- 22,2 % жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар,

- 0,5 % коргонуу тармагы

- 11,1 % экономикалык маселелер,

- 29,8 % турак жай жана коммуналдык чарба,

- 6,1 % маданият жана спорт тармагы,

- 29,2 % билим берүү тармагы,

- 1,1 % социалдык коргоо тармагы түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий