• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрь күнү Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленди. Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов, Орусиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, легендарлуу парламенттин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер, пандемияда кызмат кылган мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар башчысы Т.Сарыбашов шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, өнүктүрүү эң негизги багыт экендигин кошумчалады.

“Ош шаарынын жалпы тургундарын жана конокторун шаар күнү менен мэриянын атынан куттуктайм. Негизгиси заманыбыз тынч, мамлекетибиз өнүгүүнүн жолунда болсун. Ош шаарында биринчи социалдык объектилерге басым жасалып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен учурда эки балдар бакчасы колдонууга берилди, дагы үч балдар бакчасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен мектептер курулуп жатат. Эс алуу жайлар баардык шарты менен колдонууга берилип жатат. Эң негизгиси шаарда мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери кызуу жүрүүдө. Шаарды ашыкча курулуштардан тазалап, ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Курулуштар, жумуш орун менен камсыздоо жаатында да көп жаңылыктар бар. Алардын бири Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү долбоору, ошондой эле, унаа курулуш, текстиль фабрикасынын курулуштары кызуу жүрүп жатат. Жеке ишкерлер инвестор тартып, биз жерин бөлүп берип алгылыктуу иштер аткарылууда. Ош шаары бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда”, - деди Т.Сарыбашов.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулбайт. Негизги майрамдык иш-чара борбордук аянтта орун алып, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр болуп, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт болуп өттү.

Белгилей кетсек, кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат.

Пикир

Оставить комментарий