• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын аймагында дезинфекция иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20./Кабар/. Ош шаарынын аймагында дезинфекция иштери уланууда, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Алсак, 2020-жылдын 18-мартынан тартып 1-сентябрга чейин Ош шаарынын аймагында 550 420 чарчы метр имараттын ичи, 1086 575 чарчы метр имараттын сырты жана 950 099 погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул иштерге жалпы 560 кг хлор, 10807 литр суюк хлор жана 778 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Учурда бул багыттагы иштер уланууда. Иш-чаралар өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий