• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан тартып 8-июнга чейин Ош шаарынын аймагында 480 320 чарчы метр имараттын сырты, 590 000 чарчы метр имараттын сырты жана 608 000 погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 300 кг хлор, 6000 литр суюк хлор жана 778 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий