• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын аймагында ишкерлер үчүн индустриялык аймак түзүү боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек,, 28.01.21. /Кабар/. Күн мурун, 27-январда Ош шаарынын мэриясында инвестор тартып, ишкерлерге индистриялык аймактарды куруп берүү багытындагы мүмүкүнчүлүктөрдү жана ыңгайлуу шарттарды карап чыгуу боюнча атайын жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты

Жумушчу топтун төрагасы Ош шаарынын биринчи вице-мэри Жылдызбек Турганбаев бекитилип, ал эми жумушчу топтун курамына шаардык кеңештин депуттары, Кыргызстан ишкерлер уюмунан, регионалдык ишкерлер кеңешинен, жеке ишкерлерден, экономист эксперттерден жана тиешелүү мекемелерден куралды.

Биринчи вице-мэр Жылдызбек Турганбаев ишкерлерге шарт түзүп, аны менен катар ири долбоорлорго инвесторлорду тартуу боюнча жергиликтүү бийлик болгон аракетин жумшап жаткандыгын билдирди.

Бүгүн жумушчу топтун биринчи отурумунда бир канча маселер, сунуштар каралды жана тез арада жер аянтык тактоо, коммуналдык тармактарды киргизүү жана салык төлөмдөрү жана ага тиешелүү болгон иш кагаздарын тактап, анализ жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жыйындын максаты Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгы тарабынан Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы №250 “Ош шаарынын мэриясынын шаардагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө” токтомун аткаруу максатында Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-январында №5-б буйругуна ылайык Ош шаарынын аймагынан ишкерлерге жагымдуу чөйрө түзүү жана ишкерлир тармагын өнүктүрүүнү колго алуу болуп саналат.

Жалпы координациялоо жана анализ жүргүзүп сунуш берип, уюштуруу Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгына тапшырылды.

Кезектеги отурум ушул жылдын 16-февралында болот.

Пикир

Оставить комментарий