• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын аймагында залалсыздандыруу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Ош шаарынын аймагындагы залалсыздандыруу иштери болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-июль күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы 25 кичи дүкөн, 4 навайкана, 8 чач тарачкана, 15 дарыкана, Тешик-Таш мөмө-жемиш базары, 60 турак үйлөрдүн дарбазалары, 5 эт сатуучу дүкөн, ошондой эле Социалдык фонддун Ош шаарындагы башкармалыгынын имараты жана башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.

Дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий