• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын аймагындагы мекемелердин 375,3 миң метр жери дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Ош шаарынын аймагындагы мекемелердин 375,3 миң метр жери дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарын боюнча башкармалыгынын башчысы Нурланбек Баймуратов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында ӨКМдин башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

"Ош шаарында жалпы 6 бөлүгүбүз бар, аларга дезинфекциялоочу жерлерди бөлүп бергенбиз. Учурда Ош шаарынын аймагындагы мекемелердин 375 миң 311 метр жери дезинфекцияланды. Ошондой эле мекемелердин айланасынын 684 миң 69 метр жери жана чоң жолдордун 272 миң 599 мерт жери дезинфекцияланды", - дейт ал.

Баймуратов белгилегендей, Ош шаарында 8 тонна хлор бар.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий