• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын айрым аймактарында 10-11-майда 8 саатка электр жарыгы өчөт

Аймак 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Ош шаарынын айрым аймактарында 10-11-май күндөрү 09:00дөн 17:00гө чейин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетика объектилерин даярдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү даректерде свет өчүрүлөт.

Тизме:

- 10-майда Ош шаарынын №4 «Ак-Тилек» аймактык кеңешине караштуу Эсенжанов көчөсүндө, Анар кичи шаарчасында, №52, №50 мектебинде.

- №5 «Керме-Тоо» аймактык кеңешине караштуу Осмонов көчөсүндө, Бекбалиев 11, 12 үйлөрүндө, атайын мектебинде.

-№8 Ак-Буура аймактык кеңешине караштуу Нурматов көчөсүндө, Грензавод аймагында, №4 автобаза, Санрайз, Шахай сити мейманкаларында.

-Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Жапалак, Төөке, Кеңеш айылдарында, №36806 аскер бөлүгүндө, Коргон участкасында.

-Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылында, Кош-Таш көчөсүндө.

-Төлөйкөн айылына караштуу Мамытов, Куренкеев, Саргалчаева көчөлөрүндө. Кургак учук санаториясында.

Ошондой эле 11-майда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын №8 “Ак-Буура” аймактык кеңешине караштуу Нурматов көчөсүндө, Грензовод аймагында, №4 автобаза, Санрайз, Шахай сити мейманкаларында.

№4 “Ак-Тилек” аймактык кеңешине караштуу №4 поликлиника, Өскөналиев, Комсомольская көчөлөрүндө, Рембыт техника аймагында.

Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Фуркат айылында, Маруфий, Бабур, Бакинский көчөлөрүндө.

Пикир

Оставить комментарий