• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош шаарынын айрым аймактарында убактылуу жарык берүү токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Ош шаарынын айрым аймактарында убактылуу жарык берүү токтотулат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июнь, саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин Ош шаарынын Тилеке Баатыр, Нурматов, Ленин, Курманжан Датка, Алымбеков, Лермантов, Маатов, Жунусов, Алиев, Карабаев, Абдыразаков көчөлөрүндө жана Кокумбий №45, №74,№94, №96, №98, №100, №102, МЖК-2 №6,№7,№8 көп кабаттуу үйлөрүндө убактылуу электр жарыгын берүү токтотулат.

Мэриядан кошумчалашкандай, кышкы мезгилге даярдык көрүү максатында аталган аймактарда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий