• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, жаратылыш газы 18-ноябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин Ош шаарынын Масалиев пр., Раимбеков, Ош, Аношин, Сун Ят Сен, Джим көчөлөрүндө жок болот.

Өчүрүү иштерине Ош шаарынын Раззаков - Карасуу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштери себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий