• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарынын Ак-Буура дарыясы эс алуу жайына айланат. Эскиз

Аймак 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун эскизи менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриянын басма сөз катчысынын башчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалган эскиздик долбоору менен шаар мэри таанышып, 2020-жылдын башынан баштап дарыянын жээктери бошотулушу керектигин билдирди.

Долбоордо дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложол, жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер каралат.

“Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен белгилүү. Дарыянын жээктерин оңдоп, эс алууга шарт түзөбүз. Ак-Бууранын жээгин жалпы эл пайдаланыш керек. Долбоордо каралган дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, тосулуп алынган жерлер бошотулат. 2020-жыл ичинде курулуш иштери жүрөт”,- деди шаар мэри.

Долбоордо каралгандай, эс алуу жайдын жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзүп, А. Новои көчөсүнөн С. Вахапова көчөсүнө чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий