• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын Анар кичи районуна милиция бөлүмчөсү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.19. /Кабар/. Ош шаарынын Анар кичи районуна №5 шаардык милиция бөлүмчөсү ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош ШИИБнин башчысы Мурат Боронов, өздүк курам жана аталган кичи райондун жашоочулары катышты. Шаар мэри кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мэрия тарабынан имарат бөлүп берилгенин айтып, милиция кызматкерлерин ар тараптуу колдоого кызыктар экенин билдирди.

№5 милиция бөлүмчөсү Ош ШИИБнин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө карап, жыйырмадан ашуун милиция кызматкери иштейт.

Пикир

Оставить комментарий