• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ош шаарында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июлда ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы ири делген Бостон, Келечек, Тешик-Таш, Борбордук базарлары жана унаа тетиктерин саткан Кудайберген базары ошондой эле коронавирус илдети аныкталган жарандардын жашаган үйлөрү, көчөлөрү, убактылуу жата турган обсервациялар, күндүзү кабыл алуучу стационарлар залалсыздандырылды.

Дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий