• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын бир нече аймагында таза суу берүү убактылуу токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын бир нече аймагында таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Ошшаарсууканал» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105, 0225 105-105, 0999 105-105

Суу ташуучу унаалар (водовоз) менен аймактарга таза суу жеткирүү үчүн төмөнкү байланыш номери аркылуу билдирме калтырсаңыздар болот: 03222 5-04-16

Пикир

Оставить комментарий