• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын бир нече районунда 18-19-июнда газ болбойт

Аймак 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Ош шаарынын бир нече районунда 18-19-июнь күндөрү газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Ош шаарынын төмөнкү райондорунда жаратылыш газын берүү токтотулат:

- 18-июнь күнү Ишматов, Шаумян, Төлөнөв, Крылов, Туран кичирайонундагы Физкультурная көчөсүндө;

- 19-июнь күнү Зайнабетдинов көчөсүндө.

"Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий