• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын Борбордук мечитинин жанында аялдар үчүн намазкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Ош шаарынын Борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинин жанында атайын аялдар үчүн толук шартка ээ болгон намазкана ачылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, намазканага сапардагы жана мечитке жакын жердеги ишканада эмгектенген аялдар санитардык эрежелерди сактоо менен намаз окууга келсе болот.

Айта кетсек, намазкананын курулуш иштерин «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмонов уюштуруп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий